Таластын кире беришиндеги арка жаңыланды
Талас облусунда Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгын белгилөөгө даярдыктын алкагында облуска кире бериштеги арка реконструкцияланды. Бул тууралуу президенттин өкүлү Эрмат Жумаев билдирди.
Анын айтымында, иштер президенттин тапшырмаларына жана Талас облусун өнүктүрүү стратегиясына ылайык жүргүзүлүүдө.
“Долбоордун алкагында кире бериш арка жаңыланып, эс алуу жайынын курулушу аяктады. Аны 4-5-сентябрда пайдаланууга берүү пландалууда. Ошондой эле Манаска арналган эстелик толук реконструкцияланып, анын жанына Манастын жети осуяты орнотулду”, – деди ал.
Мындан тышкары, облус башчысы Талды-Булактан кире бериш аркага чейин 37 чакырым электр линиясы тартылганын белгиледи. Анын айтымында, буга чейин бул өрөөндө электр энергиясы болгон эмес.
“Электр энергиясы берилгенден кийин бул жерде электр унааларын кубаттоочу станцияларды, кафе, ресторан жана башка жол боюндагы объектилерди ачууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ошондой эле жолдун боюнда коопсуздукту камсыз кылуу үчүн жарыктандыруу орнотулууда”, – деди Жумаев.
Президенттин өкүлүнүн маалыматына караганда, облустун кире беришиндеги объектилерди реконструкциялоо иштерин 5-6-сентябрда толук аяктоо пландалууда. Долбоордун жалпы баасы болжол менен 20 млн сомду түздү.