Таласта УКМК башкармалыгынын жаңы имараты ачылды
Бүгүн 21-ноябрда УКМКнын Талас облусу боюнча башкармалыгынын Кара-Буура райондук бөлүмүндө жаңы имараттын расмий ачылышы болуп өттү.
Жаңы курулган имарат кызматкерлердин иштөө шарттары үчүн талапка жооп берген жана керектүү заманбап жабдуулар менен толук камсыздалган.
Ачылыш аземге УКМК төрагасы генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев, Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бактыбек Нарбеков, Кара-Буура районунун башчысы Бектур Сагымбаев, ошондой эле ошондой улуттук коопсуздук органдарынын ардагерлери катышты.
КР УКМК төрагасы К.Ташиев кызматкерлерди куттуктап, Кыргызстандын бардык област, райондору боюнча УКМК кызматкерлерине шарттар түзүлүп жатканын, кызматтык милдеттерди так аткаруу зарылдыгын эскертти.