Таласта сууга агып кеткен өспүрүмдү издөө иштери уланууда

Таласта сууга агып кеткен Байэл аттуу өспүрүмдү издөө иштери уланууда. Бул тууралуу ӨКМдин облустук башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда ишздөө иштери куткаруучулар, Ички иштер министрлигинин жана Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлери тарабынан тынымсыз жүргүзүлүүдө.

“Ошондой эле жергиликтүү тургундар да көмөк көрсөтүп, дарыянын жээги жана мүмкүн болгон аймактар кылдат текшерилип жатат”, – деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Талас дарыясына агып кеткен бала 23-июндан бери үзгүлтүксүз изделүүдө.

Связанный пост