Бишкекте таштанды чыгаруунун жаңы тарифтери талкууланды
Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик Өнүктүрүү саясаты институту менен биргеликте коммуналдык калдыктарды башкаруу системасын өркүндөтүү маселелерине арналган тегерек стол өткөрдү. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.
Иш-чара 15-июлда “Коммуналдык калдыктардын пайда болуу ченемдерин эсептөө тартибин, ошондой эле аларды чогултуу, ташып чыгуу жана жайгаштыруу боюнча тарифтерди аныктоо механизмдерин өркүндөтүү” деген темада өттү.
Талкууга агенттиктин директорунун орун басары Р.А. Кубаталиев, жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары А.М. Мусаев, ошондой эле мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышты.
Тегерек столдун жүрүшүндө коммуналдык калдыктардын пайда болуу ченемдерин аныктоо, аларды чогултуу жана ташып чыгаруу кызматтарынын тарифтерин эсептөө, ошондой эле бул тармактагы колдонулуп жаткан механизмдерди өркүндөтүү маселелери каралды.
Катышуучулар тарифтердин экономикалык негиздүүлүгүнө, муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга жана коммуналдык калдыктарды башкаруу системасын өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууга өзгөчө көңүл бурушту.
Жыйынтыгында катышуучулар коммуналдык калдыктар менен иштөө тармагындагы ченемдик-укуктук базаны мындан ары да өркүндөтүү жана мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен эксперттик коомчулуктун кызматташтыгын улантуу зарылдыгын белгилешти.