Таласта пластик баштыктардан баш тартуу кампаниясы башталды

Талас шаарында пластик баштыктардан баш тартуу кампаниясы башталды.
Мэриядан билдиришкендей, айлана-чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздукту камсыздоо максатында пластик колдонууга чектөө киргизүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Бул багытта мамлекеттик органдар тамак-ашты кагаз же башка экологиялык таза таңгактарда сатууну сунушташат.
Пластик материалдардын ордуна кайра иштетүүгө жана жаратылышка зыян келтирбеген альтернатива каражаттарды колдонуу — айлана-чөйрөнү коргоого жана келечек муундарга таза экология калтырууга өбөлгө болот.