Таласта окубаган студенттерге мыйзамсыз диплом берилгени аныкталды

Таласта окубаган студенттерге мыйзамсыз диплом берилгени аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Айтматов райондук прокуратурасы тарабынан билим берүү жаатындагы мыйзамдардын сакталышына карата текшерүү жүргүзүлгөн. Натыйжада №13 Ч.Түлөбердиев атындагы кесиптик лицейинде окууга келбеген жана Кыргызстандын аймагында болбогон 14 жаранга экзамендик баалар коюлуп, тиешелүү адистиктер боюнча мыйзамсыз дипломдор берилгени аныкталды.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.