Таласта мыйзамсыз менчиктештирилген 846 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды
Таласта мыйзамсыз менчиктештирилген 845 млн 849 миң сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
УКМК тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин мамлекетке кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында тергөө-ыкчам иш-чаралардын натыйжасында “Э.А.Х” ЖЧКсынын автомектебине таандык аянты 5,5 га, базар баасы 845 млн 849 миң 503 сомдук жер тилкеси Талас шаарынын мэриясынын балансына кайтарылды.
Алынган ыкчам маалыматтар боюнча, аталган жер тилкеси Жогорку Кеңешинин экс-депутаты Р.Жээнбековдун аффилирленген жактарына мыйзамсыз берилген.
Тактап айтканда, Талас шаарынын мэриясынын кызмат адамдары “А.Т.” автотранспорт ишканасы акционердик коомунун администрациясы менен сүйлөшүп, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, “Э.А.Х” ЖЧКсына жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыны мыйзамсыз каттап беришкен.
Учурда мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин кайтарып алууга багытталган тергөө-оперативдүү иш-чаралар улантылууда.