Таласта ишкерлерди мыйзамсыз текшерген кызмат адамдары жазага тартылды

 Таласта ишкерлерди мыйзамсыз текшерген кызмат адамдары жазага тартылды

Таласта ишкерлерди мыйзамсыз текшерген кызмат адамдары жазага тартылды, деп билдирет Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Талас шаардык прокуратурасы тарабынан ишкерлердин укуктарын коргоо жана сакталышына көзөмөл жүргүзүүдө эки кызмат адамы мыйзамсыз текшерүү жүргүзгөндүгүт аныкталып, жоопкерчиликке тартылган.

КР “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Мыйзамы жана президенттин жарлыгы менен ишкердик субъекттерге текшерүү жүргүзүүгө коюлган чектөөлөргө карабай Талас региондук мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыктын башкы инспектору Т.С.Д. “Б” ЖЧК тарабынан курулуп жаткан медициналык борборду текшерип, анын жетекчисине 200 миң сом айып пул салган.

Ошондой эле, Талас шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү Ж.К. мыйзам талаптарын бузуп, “Ишкердик субъекттерин текшерүүлөрдү каттоо” Автоматташтырылган маалыматтык системасына каттоо жүргүзбөстөн, “С.К.” ЖЧКсы тарабынан Талас шаарында курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн курулуш иштерин мыйзамсыз текшерүүгө алган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында прокуратура тарабынан тергөөчү Ж.К. жана инспектор Т.С.Д. карата укук бузуу жөнүндө өндүрүш иштери козголуп, аларга 10 000 сомдон айып пул салынды.

Башкы прокуратура тарабынан КР президентинин “Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө” Жарлыгын аткаруу боюнча күчөтүлгөн тартипте иштер жүргүзүлөт.

Связанный пост