Таласта диний мекеме-уюмдардын ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүлдү
Талас шаарынын мэриясы 2023-жылдын 11-ноябрында Талас шаардык ички иштер бөлүмүнүн, Талас шаары боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн, Талас райондор аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттитк санэпидкөзөмөл борборунун кызматкерлери жана шаардын башкы имам-хатибинин катышуусунда Талас шаарынын аймагындагы диний уюмдардын, чиркөө, мечит, медреселердин ишмердүүлүгүнө жеринде барып мониторинг жүргүзүштү.
Диний уюмдардын Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын каттоосу жөнүндө күбөлүктөрү жана башка уруксат иш кагаздары каралып, өрт коопсуздугу жана санитардык-техникалык нормалардын талаптарга туура келиши текшерилди. Ошондой эле кетирилген кемчиликтерди жоюу, талаптарга туура келтирүү боюнча тийиштүү мекеменин кызматкерлери тарабынан кеңештер берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Талас шаары боюнча 9 мечит, 7 чиркөө жана 2 медресе каттоодон өтүп өз ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө.