Таласта башаламан сооданы жоюу максатында базардын тегерегинде рейд жүргүзүлдү

Талас шаарынын мэриясы жана Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы Талас ШИИБ менен биргеликте базардын айланасын ирээтке келтирүү иштерин улантууда.

Бүгүн, 31-майда базардын айланасындагы тротуарларга, унаа токтотуучу жайларга ыңгайлуу шарт түзүү максатында башаламан соода жүргүзүп жаткан соодагерлер үчүн көзөмөл иштери жүргүзүлдү.

Рейддик иш-чаранын алкагында жөө жүргүнчүлөр өтүүчү тротуарларды тосуп, өзбилемдик менен соода жүргүзүп жаткан сатуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп тротуарлар ирээтке келтирилди. Ошондой эле базардын айланасында башаламандыкка шарт түзүп жаткан унаа айдоочуларына эскертүүлөр берилип айып пулдар салынды.

Белгилей кетсек, айрым соодагерлер жөө жүргүнчүлөр өтүүчү тротуарларда соода жүргүзүп, жөө адамдар үчүн бир топ ыӊгайсыздыктарды жаратууда.

Связанный пост