Талас шаарында базардагы башаламан соодага каршы көзөмөл иштери күчөтүлөт

 Талас шаарында базардагы башаламан соодага каршы көзөмөл иштери күчөтүлөт
Талас шаарынын мэриясы Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы жана Талас ШИИБ менен биргеликте базардын айланасын иретке келтирүү иштерин улантууда.
Бүгүн, 11-январда базардын айланасына ыңгайлуу шарт түзүү максатында башаламан соода жүргүзүп жаткан соодагерлерге каршы көзөмөл иштери жүргүзүлдү.
Рейддик иш-чаранын алкагында жөө жүргүнчүлөр өтүүчү тротуарларды тосуп, өзбилемдик менен соода жүргүзүп жаткан сатуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, тротуарлар иретке келтирилди.
Белгилей кетсек, айрым соодагерлер жөө жүргүнчүлөр өтүүчү тротуарларда соода жүргүзүп, жөө адамдардын өтүүсүнө тоскоолдуктарды түзүү менен бир топ ыӊгайсыздыктарды жаратууда.

Связанный пост