Талас шаарында Эгемендүлүк күнү белгиленди

Бүгүн, 31- августта Талас шаарынын борбордук аянтында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө арналган майрамдык салтанат болуп өттү.

Ага КР финансы министринин орун басары Эрнст Калдыбаев, КР Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов, Талас шаарынын мэри Эрмат Джумаев, мекеме-ишканалардын эмгек жамааттары, чыгармачыл тармактын өкүлдөрү, шаар тургундары жана коноктору катышты.

Майрамдык салтанаттын жүрүшүндө калаа башчы Эрмат Джумаев Эгемендүүлүк күнүнө арналган салтанаттын ачылышын жарыялап, өз куттуктоо сөзүндө ар бир кыргызстандык үчүн эгемендүүлүк бул эң ыйык дөөлөт, эң бийик сыймык жана келечек муунга өткөрүп берүүчү эң чоң аманат экендигин баса белгилеп, шаар тургундарын Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

Майрамдык иш-чара шаардык маданият бөлүмү, Атай Огомбаев атындагы балдар музыкалык мектеби, К. Медетбеков атындагы Талас облустук драм театры, Талас шаарынын мэриясынын оркестри, “Баластан” балдарга билим берүү борбору жана “Айкөл” бий академиясы тарабынан даярдалган майрамдык фольклордук, эстрадалык концерт менен коштолду.

Ошондой эле Талас шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт сектору тарабынан шаар тургундары үчүн атайын спорттук мелдештер уюштурулду.

Связанный пост