Талас шаары эки күнгө соода жайларын жабат

 Талас шаары эки күнгө соода жайларын жабат

Талас шаарында санитардык тазалоо иштерине байланыштуу 10-11-сентябрь күндөрү базар жана бир катар соода жайлары убактылуу иштебейт. Бул тууралуу Талас шаарынын мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, борбордук базар, кийим-кече жана курулуш материалдарын саткан дүкөндөр, автотетиктерди сатуучу жайлар, вулканизациялар жана башка соода түйүндөрү эки күнгө жабылат.

“Ал эми кафе жана тамактануучу жайлар, ошондой эле азык-түлүк дүкөндөрү ишин улантат”, — деп айтылат маалыматта.

Связанный пост