Талас облусунун аймагында аткезчилик жолу менен киргизилген жүк аныкталды
Талас облусунун аймагында аткезчилик жолу менен киргизилген жүк аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Атайын кызмат Мамлекеттик чек ара кызматы менен биргеликте аткезчиликке каршы күрөшүүгө багытталган иш-чаралардын алкагында ЕАЭБге мүчө болгон мамлекеттерден Кыргызстанга мыйзамсыз тооктун тоңдурулган этин киргизүүгө аракет жасаган факты аныкталган.
Тактап айтканда, 3-августта Талас облусунун “Чоң-Капка-автожол” көзөмөлдөп өткөрүү пунктунда 1985-жылы туулган КР жараны Б.М.М. башкаруусунда “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү унаа токтогулган. Аны тинтүү учурунда Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз алып кирип келе жаткан, болжолдуу баасы 2 млн 470 миң сомду түзгөн 6 тонна тооктун тондурулган эти жана башка фабрикаттар табылган.
Учурда тергөөгө чейинки өндүрүш ишинин алкагында мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын өлчөмүн жана аткезчилик ишмердүүлүккө тиешеси бар адамдарды аныктоого багыттылган иш-чаралар жүргүзүлүүдө.