Талас облусунда чет элдик миссионерлердин ишмердүүлүгү токтотулду

Талас облусунда чет элдик миссионерлердин ишмердүүлүгү токтотулду. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

КР УКМКнын Талас облусу боюнча башкармалыгы тарабынан тиешелүү профилактикалык жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө чет өлкөлүк жарандардын мыйзамсыз миссионердик ишмердүүлүгү (КР Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренеси «Мыйзамсыз диний топту уюштуруу») фактысы аныкталып, бөгөт коюлду.
Тактап айтканда, ушул жылдын 26-мартында Словакиянын жарандары мыйзамсыз миссионердик ишмердүүлүгүн активдештирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын уруксаты жок, Талас шаарынын тургундарынын арасында Рим-католик чиркөөсүнүн (католицизм) идеологиясын үгүттөшкн.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы менен аталган чет өлкөлүк жарандарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербөө үчүн эскертүү менен административдик айып салынды.

Связанный пост