Талас облусунда 35,6 миң “акылдуу” эсептегич орнотулду

2025-жылы Талас облусунда жалпы 35 600 даана “акылдуу” эсептегич орнотулду. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинде:

  • Бакай-Ата районунда 8268 даана;
  • Айтматов районунда 11 032 даана;
  • Талас районунда 11 164 даана;
  • Манас районунда 5 136 даана.

Анын 31 280ни бир фазалуу, 4320сы 3 фазалуу жаңы типтүү “акылдуу” эсептегичтер болду. Мындан тышкары, 2026-жылга кошумча жаңы 3390 даана 3 фазалуу жаңы типтеги электр эсептегичтери орнотулуп баштайт.

“Акылдуу эсептегичтерди орнотуу иштери этап-этабы менен уланууда. Жаңы эсептегичтер электр энергиясын так эсептөөгө, бузулууларды өз убагында аныктоого, жоготууларды кыскартууга жана керектөөчүлөр үчүн төлөм процесстерин жөнөкөйлөтүүгө жардам берет”, – деп айтылат маалыматта.

Связанный пост