Талас облусуна Голландиядан төө буурчактын жаңы сорту алып келинди

 Талас облусуна Голландиядан төө буурчактын жаңы сорту алып келинди

Талас облусуна Голландиядан төө буурчактын жаңы сорту алып келинди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Белгиленгендей, Талас облусунун дыйкандары негизинен төө буурчак өстүрүү менен алектенишет, бирок акыркы 30 жылдан бери сорт жаңыланбай, түшүмдүүлүк жана продукциянын сапаты төмөндөп кеткен.

Бул көйгөйдү чечүү максатында Айыл чарба министрлиги өнөктөштөр менен биргеликте Голландия мамлекетинен “хельда” аталышында жаңы супер элита репродукциясындагы төө буурчак сортун алып келди.

“Бакай-Ата сорт сыноо участогунда жаңы сорттун алгачкы сыноолору түшүмдүүлүгү жана сапаты жагынан жакшы натыйжаларды берди. Жаңы сортту өндүрүшкө киргизүүнүн жардамы менен Талас облусунун дыйкандары түшүмдүүлүктү жогорулатып, өндүрүш менен кирешени көбөйтүп, туруктуу экспортко жетишип, ошондой эле жакынкы жылдарда үрөн фондусун жаңыртууга шарт түзүлөт”, – деп айтылат маалыматта.

Связанный пост