Таксилердин лицензиясын текшерүү кийинки жылга жылдырылды
Таксилердин лицензиясын текшерүү 2026-жылдын 1-февралына чейин узартылды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Буга чейин такси кызматынын айдоочулары тарабынан ЖКККББдан лицензия алууда узакка созулган кезек жаралып, белгиленген мөөнөткө үлгүрбөй жаткандыгы тууралуу кайрылуулар келип түшкөн.
Жогорудагы кайрылууларды эске алып, бүгүн башкармалыктын жетекчиси Азенбек Козукеев лицензия алып жаткан такси кызматындагы айдоочулар менен жеринде жолугуп, узакка созулган кезекти жоюу, кызматкерлерге айдоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү тапшырмасын берди.
Ошондой эле ал узакка созулган кезекти эске алып, лицензияны текшерүү жана рейддик иш-чараларды өткөрүү менен айып салуу мөөнөтү 2026-жылдын 1-февралына чейин узартылгандыгын билдирди.
Ошону менен бирге жетекчи такси кызматында иштөөгө арналган программалык тиркеме (Информационная система заказа такси) аркылуу иштеп жаткан айдоочулардын иши 2026-жылдын 1-февралына чейин үзгүлтүккө учурабасын белгиледи.