Такси тарифтери мамлекет тарабынан жөнгө салынат

 Такси тарифтери мамлекет тарабынан жөнгө салынат

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев “Биринчи радионун” эфиринде Кыргызстанда таксинин тарифтери мамлекеттин көзөмөлүндө болорун билдирди.

Анын айтымында, учурда такси рыногунда “Яндекс” компаниясы үстөмдүк кылууда. Буга байланыштуу бийлик компаниянын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, алардын ишин жөнгө салуу чараларын даярдап жатат.

“Жылдын аягына чейин бардык такси кызматтары лицензиялык системага өтөт. Мындан тышкары, мамлекет тарифтерге байланыштуу маселелерди жөнгө салат жана компаниялар белгиленген эрежелерди аткарууга милдеттүү”, — деди Амангелдиев.

Ал бул багыттагы иштер уланып жатканын жана мамлекет такси рыногунда баалардын туруктуулугун камсыздоого ниеттенип жатканын кошумчалады.

Булак “Кабар” агенттиги

Связанный пост