Тайбокс боюнча курама команда Азия чемпионатында 18 медаль жеңди
Кыргыз Республикасынын тайбокс боюнча курама командасынын мүчөлөрү Ташкент шаарында (Өзбекстан) өткөн мелдеште 18 медаль (6 алтын, 3 күмүш, 9 коло) жеңди. Мелдеш 21-28-август күндөрү өтүп, 7 мамлекеттен келген 970 тен ашык спортчу катышып жатат.
Курама команда жалпы командалык эсеп боюнча 3-орунду ээледи.
Жеңүүчүлөрдүн тизмеси;
Алтын медалдын ээлери:
1. Султан Атагельдиев 71 кг (17-18 жаш);
2. Хафизиллпх Исаков 57 кг (15-16 жаш);
3. Виктория Маликова 54 кг (17-18 жаш);
4. МиланаШихшабекова 54 кг (15-16 жаш);
5. Аделя Асылбек кызы 63.5кг (15-16 жаш);
6. Диана Заинитдинова +51 кг (13-14 жаш).
Күмүш медалдын ээлери:
1.Бектур Саимбеков 43кг (11-12 жаш);
2. Алия Салиева 48кг (15-16 жаш);
3. Баэл Таалайбек уулу 67кг (18 жаш);
Коло медалдын ээлери:
1. Ким Эрик 41кг (9-10 жаш);
2. Ильяс Абдулин 54кг (18 жаш);
3. Абу-Бакир Бакиев 28 кг (9-10 жаш);
4. Мухаммад Али Низов 26 кг (9-10 жаш);
5. Ким Сергей 67 кг (15-16 жаш);
6. Аловудин Гуламов 41кг (15-16 жаш);
7. Альберт Бактыбеков 57 кг (17-18 жаш);
8. Акжол Калмаматов 54 кг (13-14 жаш);
9. Ырыскелди Салымбаев 48 кг (15-16 жаш).
Белгилей кетсек, курама команда башкы машыктыруучу Сыргак Айталиев жана машыктыруучу Дильшат Даутовдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.