Таэквон-до (GTF) боюнча курама команда Дүйнө кубогунда 46 медаль жеңди
Кыргыз Республикасынын таэквон-до (GTF) боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Казань шаарында (Орусия) өткөн Дүйнө кубогунда 46 медаль (20 алтын, 12 күмүш, 14 коло) жеңди.
Мелдешке 17 мамлекеттен 400дөн ашык спортчу катышып, 11-16-октябрь күндөрү өттү.
Кыргызстандык спортчулар жалпы командалык эсепте 2-орунду ээледи. 1-орунду Орусия, 3-орунду Казакстандын курама командасы камсыз кылды.
Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:
– 45 кг Лейсан Аджиходжаева (12-14 жаш поинт-стоп – 3-орун , хьенг-1-орун);
– 60кг Артем Туркин (12-14 жаш, массоги 2-орун, поинт-стоп 1-орун);
– 34 кг Адилет Абдыбеков (10-11 жаш массоги 1-орун , поинт-стоп 1-орун, хьенг 3-орун);
– 53 кг Ислам Эмильбеков (10-11 жаш массоги 3-орун, поинт-стоп 2-орун);
– +82 кг Бексултан Эрнисов (18+ массогит 3-орун, хьенг 2-орун);
– 82кг Аскар Сыдыкакпаров (18+, поинт-стоп 1-орун, хьенг – 2-орун).
Командалык оюндар:
2-орун кыздар арасында (12-14 жаш тег тим 3 киши);
3-орун кыздар арасында (12-14 жаш, хьенг 3 киши);
3-орун кыздар арасында (12-14 жаш массоги 3 киши);
3-орун балдар арасында (12-14 жаш тег тим 3 киши);
1-орун балдар арасында (12-14 жаш Тэг-тим 3-киши).
Жекелик оюндардын жыйынтыгы:
– 40 кг Жансая Сатегова (12-14 жаш, массоги 1-орун, поинт-стоп 1-орун, хьенг 2-орун);
– 40 кг Бермет Тургунбаева (12-14 жаш массоги 2-орун, поинт-стоп 2-орун);
– 58 кг Аяжан Асанбекова (15-17 жаш массоги 1-орун, поинт-стоп 1-орун, хьенг 1-орун);
– 76 кг Рахимжан Ибраев (15-17 жаш массоги- 1-орун, поинт-стоп 1-орун, хьенг 2-орун);
– 35 кг Арген Анарбаев (12-14 жаш массоги 1-орун, поинт-стоп 1-орун);
– 35 кг Райымбек Орозолиев (12-14 жаш массоги 2-орун, поинт-стоп 2-орун);
– 40 кг Данияр Максатов (12-14 жаш массоги 1-орун , хьенг 1-орун , поинт –стоп 1-орун);
– 30 кг Дамир Шаменов (10-11 жаш, массоги- 3-орун, поинт-стоп 2-орун).