Таңгакталган сууну маркалоодон бюджетке 2,8 млрд сом түштү

 Таңгакталган сууну маркалоодон бюджетке 2,8 млрд сом түштү

2026-жылдын январь-март айларында таңгакталган сууларга 42,7 млн эсептик-контролдук марка берылди. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, маркаланган продукциянын жалпы көлөмү 95,2 млн литрди түздү.

Продукцияны эсептик-контролдук маркалар менен маркалоону киргизүүнүн натыйжасында таңгакталган сууну, анын ичинде газдалган жана минералды өндүрүүчүлөрдөн жана импорттоочулардан бюджетке 2,8 млрд сом салык түштү.

Бул көрсөткүч 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,06 млрд сомго көп болуп, өсүү 60,1 пайызды түздү.

Эскерте кетсек, 2026-жылдын 1-январынан тартып ТЭИ ТН 2201 товардык позициясына кирген таңгакталган сууну, анын ичинде минералдык жана газдалган сууларды эсептик-контролдук маркалар менен милдеттүү маркалоо киргизилген.

Белгилей кетсек, ТЭИ ТН 2201 позициясына кирген таңгакталган суунун (анын ичинде минералдык жана газдалган) маркасы жок калдыктарын 2026-жылдын 1-июлуна чейин жүгүртүүгө уруксат берилет.

Колдонуудагы мыйзамдарга ылайык:

  • эсептик-контролдук маркасы жок 200 даанага чейинки продукцияны саткандарга 100 000 сом айып пул каралган;
  • 200 даанадан ашык маркасы жок продукцияны сатууда 7 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Мамлекеттик салык кызматы ишкерлерди мыйзам талаптарын так сактоого жана маркасы жок продукцияны сатпоого, сактабоого жана жүгүртпөөгө чакырат. Белгиленген талаптарды аткарбоо мыйзамда каралган жоопкерчилик чараларын колдонууга алып келет.

Связанный пост