Бишкекте үч эм төрөлдү

 Бишкекте үч эм төрөлдү

Бишкекте үч эм төрөлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда 35 жаштагы келин пландалган операция (кесарево) жолу менен үч уул баланы жарык дүйнөгө алып келди.

“Учурда ымыркайлардын абалы туруктуу деп бааланууда, алар жаңы төрөлгөн балдардын реанимация бөлүмүндө адистердин көзөмөлүндө. Эненин абалы да жакшы, дарыгерлердин кароосунда”, – деп айтылат маалыматта.

Связанный пост