Төрт жыл ичинде мамлекетке 168 млрд сомдон ашык каражат кайтарылды

 Төрт жыл ичинде мамлекетке 168 млрд сомдон ашык каражат кайтарылды

Төрт жыл ичинде 168 млрд сомдон ашык каражат мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 16-январда Кыргызстандын жогорку билим берүү системасынын кызматкерлери менен өткөргөн кеңешмеде билдирди.

Анын айтымында, аталган убакыт аралыгында 1373 адам кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

“2020-жылдын октябрынан азыркы учурга чейинки аралыкта тарыхта биринчи жолу мамлекетке 168 млрд 287 млн сом өлчөмүндөгү ири зыяндын орду толтурулду. Ошондой эле өлкө боюнча 1174 объект мамлекеттин менчигине кайтарылды. Алар- жер, бала бакчалар, пансионаттар, стадиондор жана заводдор”,-деди Камчыбек Ташиев.

Связанный пост