Төрага: Парламентте көз караштардын талашы болуп турганы жакшы

 Төрага: Парламентте көз караштардын талашы болуп турганы жакшы

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында мамлекеттик тилге байланышкан эки мыйзам долбоору каралып, колдогондор да, демилгени четке кагууну сунуштагандар да болду. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда төрага Нурланбек Тургунбек уулу парламент жыйынында ушундай карама-каршылыктар сөзсүз болуп турушу керектигин белгиледи.

“Ал тургай уруш-жаңжал да болуп, позициялардын, көз караштардын талашы жүрүп турганы жакшы. Парламент ушунусу менен парламент. Эгер бул жерде түрдүү пикирлер айтылбаса, ачуу сындар сүйлөнбөсө, анда парламенттин эмне кереги бар? Улуттун жана мамлекеттин тагдырына келгенде ушундай талкуулар болушу керек. Эч кимди чектебейбиз. Болгону бүгүн мыйзам долбоорлорунун концепциясын колдоого алып, кийинки окууда аша чапкан жерлерин алып салалы. Сунуш бергиле”, – деди ал.

Связанный пост