Төрага Нурланбек Тургунбек уулу: Жеке мектептер атаандаштыкты жогорулатып, билим берүү жайларынын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт
Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу борбор калаабыз Бишкек шаарында жайгашкан «Учур» эл аралык мектебине барып, ишмердүүлүгү менен таанышты.
Алсак, аталган билим берүү жайы өткөн жылдын январь айында негизделип, учурда мектепте алтымыштай окуучу, ал эми бала бакчасында кыркка жакын тарбиялануучу бар.
Кыргыз жана англис тилдеринде билим берип, бардык заманбап окуу куралдары жана жабдуулары менен камсыздалган мекеменин ишин көргөн Төрага: «Мамлекет билим берүү тармагына өзгөчө көңүл буруп, акыркы жылдары жаңы окуу имараттарын курууга жана агартуучулардын айлык маянасын көтөрүүгө басым жасап келет. Бирок мамлекетти эле карап олтура бербей, демилге көтөрүп, ушундай билим берүү жайларын ачып жаткан мекендештерибиз менен ар дайым сыймыктанабыз. Жеке мектептер атаандаштыкты жогорулатып, билим берүү жайларынын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт. Ал эми өлкө бийлиги, анын ичинен Жогорку Кеңеш эл аралык стандарттарга ылайык, мамлекеттик тилде билим берген мындай заманбап мектептердин ачылышын ар дайым кубаттайбыз», – деди.
Муну менен катар агартуучулар менен да баарлашкан Нурланбек Тургунбек уулу: «Жакшы билим, жаркын келечектин кепилдиги. Андыктан, келечек ээлерине керектүү билим берүүдө агартуучуларга чоң жоопкерчилик жүктөлгөн. «Балдарды сүйүү менен окутуп, эртеңки жана бүгүнкү ийгилигин бирге жаратуу» – деген ураандын астында иш алып барып жаткан мектептин жамаатына ийгиликтерди каалайм”, – деп кошумчалады.
Ошону менен бирге «Учур» эл аралык мектебине каржылык колдоо катары 300 миң сомдук сертификатты тапшырды.