Төрага Нурланбек Шакиев Улуу Британиянын Парламентинин Эл аралык комитетинин төрайымы Алисия Кернс менен жолугушту

Бүгүн, 19-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Улуу Британиянын Парламентинин Эл аралык комитетинин төрайымы Алисия Кернс менен жолугушту. Бул тууралуу КРнын Жогорку Кеңешинин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү маалымдады.

Жолугушууда Кыргызстан менен Улуу Британиянын саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакасын арттыруу маселеси талкууланып, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу сөз болду.

Төрага Нурланбек Шакиев өткөн жылы эки өлкө ортосундагы дипломатиялык алакалардын түзүлгөндүгүнө 30 жыл толгондугун эске салып: “Бул убакыт аралыгында үзгүлтүксүз диалог калыптанып, мамлекеттер аралык байланыш түптөлдү. Бирок ал реалдуу мүмкүнчүлүктөрдү камтыбайт. Андыктан, кызматташтыкты дагы күчтөндүрүп, соода-экономикалык жана инвестициялык өнөктөштүктү өнүктүрүүбүз кажет. Кыргызстан энергетика, тоо-кен жана туризм жаатында Британиянын ишкерлери менен кызматташууга кызыкдар”, – деди.

Муну менен катар Кыргызстандын жарандары Улуу Британиянын алдыңкы жогорку окуу жайларында билим алып жатканын айткан Төрага бул жаатта да кызматташтыкты өнүктүрүү менен бөлүнгөн квотанын көлөмүн көбөйтүү сунушун берди.

Ошондой эле кыргызстандыктарды Улуу Британияга ишке орноштуруу боюнча жасалып жаткан иштерди улантуу зарылчылыгына токтолду.

Андан тышкары, парламенттер аралык байланышты чыңдоону демилгелеген Нурланбек Шакиев тармактык комитеттердин жана депутаттык достук топторунун алкагындагы алакаларды кеңейтүү маселесин көтөрдү.

Өз кезегинде Алисия Кернс Улуу Британиянын Парламентинин Эл аралык комитетинин төрайымы болуп шайланар менен Борбор Азия мамлекеттери, анын ичинен Кыргызстан менен кызматташтыкты арттырууга басым жасап келе жатканын айтып, жолугушууда көтөрүлгөн бардык маселе маанилүү экенин кошумчалады.

Анын ичинен соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү эки өлкө үчүн тең артыкчылыкка ээ экенин белгилеп, Кыргызстан өндүргөн товарларын Улуу Британияга экспорттоодо көптөгөн жеңилдиктерге ээ экенин маалымдады.

Белгилей кетсек, жолугушууга Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов, ошондой эле Улуу Британия менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Жанарбек Акаев катышты.

Связанный пост