Төрага Нурланбек Шакиев Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 78 жылдыгына арналган митинг-реквиемге катышты

Бүгүн, 9-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев депутаттар жана  Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов баштаган жетекчилер менен бирге Бишкек шаарындагы Жеңиш аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 78 жылдыгына арналган митинг-реквиемге катышты. Бул тууралуу КРнын Жогорку Кеңешинин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү билдирди.

Ошондой эле салтанатта ардагерлер жана өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн өкүлдөрү болду.

Алгач Өчпөс отко гүлчамбар коюлуп, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондор эскерилди.

Майрамдык иш-чарада сөз сүйлөгөн Төрага Нурланбек Шакиев Улуу Жеңиш майрамы каармандыктын жана элибиздин тайманбас эрдигинин үлгүсү экенин белгилеп: “Жалпысынын согушка 360 миңдей Кыргызстандык жердештерибиз катышып, тилекке каршы майданда 130 миңден ашыгы курман болгон. 150 миңдей жоокер орден, медалдар менен сыйланып, 21 жоокер Даңк орденинин толук ээси, 74 аскер Советтер Союзунун баатыры наамын алган. Алардын катарында Дүйшөнкул Шопоков, Чолпонбай Түлөбердиев, Дайыр Асанов, Акун Садырбаев, Исмаилбек Таранчиев, Тукубай Тайгараев өңдүү аталарыбыз бар. Биз ошол кандуу жылдардын азабын тарткан бардык согушка катышкандарга, оорукта жер айдап, эмгек кылгандарга, нанынын акыркы күкүмүн да фронтко жөнөтүп, үмүт менен жашаган ошол учурдун каармандарына таазим этебиз”,- деди.

Тилекке каршы, Жеңиш үчүн күрөшкөн согуштун жана ооруктагы эмгектин ардагерлеринин катары күн санап азайып жатканына өкүнөрүн айткан Жогорку Кеңештин Төрагасы иш-чарага катышкан ардагерлерге дөөлөттүү карылык, бекем ден соолук тиледи.

Андан соң Бишкек шаардык аскердик гарнизонунун жоокерлеринин салтанаттуу жүрүшү болду. Жыйынтыгында Төрага Нурланбек Шакиев баштаган жетекчилер Улуу Ата Мекендик согуштун  ардагерлери менен бирге  атайын даярдалган аскердик боткодон ооз тийишти.

Связанный пост