Төрага Марлен Маматалиев VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылыш салтанатына катышты

Бүгүн, 6-сентябрда Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Чолпон-Ата шаарында өткөн VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылыш салтанатына катышты.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, Адылбек Касымалиев баштаган Министрлер кабинетинин мүчөлөрү, чет өлкөлүк делегациялардын өкүлдөрү, спортчулар жана күйөрмандар да күбө болду.

Алсак, быйылкы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 109 мамлекеттин өкүлдөрүн бириктирип, спорт, маданият жана илим багыттарын камтыды. Спорттук программага этноспорттун 42 түрү киргизилип, мелдештерде 3 миңге жакын спорттук делегациялардын өкүлдөрү күч сынашты.

Жабылыш салтанатында оюндардын жыйынтыгы чыгарылып, көчмөн элдердин бай тарыхын, маданиятын жана каада-салтын чагылдырган көркөм программа тартууланды.

Ошондой эле кезектеги VII Дүйнөлүк көчмөндөр оюну Татарстан Республикасында өтөөрү белгилүү болду. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев символикалык көөкөрдү Россия Федерациясынын спорт министринин орун басары Алексей Морозов менен Татарстан Республикасынын раиси Рустам Миннихановго өткөрүп берди.

Связанный пост