Төрага депутаттардын айлык акысы тууралуу маалыматты тактады

 Төрага депутаттардын айлык акысы тууралуу маалыматты тактады

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев буга чейин депутаттардын кирешеси тууралуу тараган маалыматтар туура эмес форматта берилгенин билдирди.

Анын айтымында, расмий документтерге ылайык, депутаттын кызматтык оклады 58 миң 432 сомду түзөт. Кошумча катары 80 миң сом өлчөмүндө фонд каралган, ал каражат күйүүчү-майлоочу майга, унааны оңдоого, айдоочунун эмгек акысына, жарандар менен жолугушууларды уюштурууга жана аймактарга болгон сапарларга жумшалат.

Төрага белгилегендей, бөлүнгөн каражаттар дайыма эле жетиштүү боло бербейт жана айрым учурларда депутаттар чыгымдарды өз каражаттарынан жабууга туура келет.

Маматалиев ошондой эле блогерлерди жана ЖМК өкүлдөрүн маалымат таратууда жоопкерчиликтүү болууга жана парламенттен кетиши керек деп эсептеген депутаттардын тизмесин жарыялоодон карманууга чакырды.

Связанный пост