Төрөбаев суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин м.а. болуп дайындалды
Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 70 – беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык Төрөбаев Бакыт Эргешевич министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – КРнын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин милдеттерин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Бакыт Торобаевдин талапкерлиги министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин кызмат ордуна дайындоого Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилди.