Төө-Ашуудагы туннельде 19-28-июнь күндөрү автоунаалар үчүн жол кыймылына чектөө киргизилет

 Төө-Ашуудагы туннельде 19-28-июнь күндөрү автоунаалар үчүн жол кыймылына чектөө киргизилет
Ош -Бишкек автоунаа жолундагы Төө-Ашууда жайгашкан К.Көлбаев атындагы туннелинде оңдоо иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу, КР ӨКМдин Тоо кырсыгынан куткаруу кызматы айдоочулар үчүн коопсуздук эрежелерин эскертет.
2023-жылдын 19-28-июнь күндөрү автоунаалар үчүн төмөнкү убакыттарда жол кыймылына чектөө киргизилет:
05:00 – 08:00
10:00 – 12:00
14:00 – 16:00гө чейинки убакытта автоунаа кыймылы токтотулат.

Связанный пост