Төө-Ашуудагы туннель оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу убактылуу жабылды

 Төө-Ашуудагы туннель оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу убактылуу жабылды

Төө-Ашуудагы туннель оңдоп-түзөө иштерине убактылуу жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Жайыл районундагы Бишкек – Ош унаа жолунун 129-чакырымында К.Көлбаев атындагы туннель саат 16:00дөн тартып унаалардын бардык түрүнө эки тараптуу убактылуу жабылды.

Белгилей кетсек, бүгүн туннелдин ичинде оор жүк ташуучу унаа аба тазалоочу вентиляторго тийип, унаалардын өтүшүнө кооптуулук жараткан. Ошол себептүү туннелде оңдоо иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу унаа кыймылына чектөө киргизилди.

Кошумча маалымат берилет.

Связанный пост