Төө-Ашуудагы тоннелде оңдоо иштери кызуу жүрүүдө

К.Көлбаев атындагы тоннелдин электр чубалгылары алмаштырылып, жарыктары жаңыртылып, дубалдарын актап, сырдоо иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы маалымдады.
Мындан улам унаалардын өтүүсүнө маал-маалы менен чектөөлөр киргизилип жатат. Буга чейин белгилүү болгондой, эртең мененки саат 05:00дон 08:00го чейин, 10:00дон 12:00го чейин, 14:00дон 16:00го чейин жол жабылып, оңдоо иштери жүрүүдө.
Аталган аймакта жол коопсуздугун ЖКККББнын инспекторлору көзөмөлдөп жатышат. 19-майдан тарта киргизилген мындай чектөөлөр болжолдуу 28-июнга чейин уланат.

Связанный пост