Төө-Ашууда тыгындар пайда болууда

 Төө-Ашууда тыгындар пайда болууда
КРнын Траспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Төө-Ашууда учурда кар жаап жатат. Бороондон пайда болгон кар күрткүлөр тазаланып, инерттик материалдар себилүүдө. Жеринде жолчулар жана атайын техникалар иштеп жатышат.
Тынымсыз жааган кар жана бороондон улам азыркы учурда убактылуу тыгындар пайда болууда. Көпчүлүк унаалар жайкы дөңгөлөктөрүн тагышкан, ошондуктан аларга ашууга чыгуу кыйын болууда.
Каттам ачык, унаалар аз-аздан өткөрүлүп жатат. Тыгын толук жоюла элек.
Кырдаалга жараша кошумча маалымат берилет.

Связанный пост