«Түштүк-Батыш» бажысы аркылуу 3 миң тоннага жакын жезди мыйзамсыз алып кирүү фактысы аныкталды

Түштүк-Батыш бажысынын «Жалал-Абад» Борбордук бажы башкармалыгынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери ЕАЭБ жана Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу, бөгөт коюу жана аныктоо боюнча бажы контролунун алкагында иш-чараларды жүргүзүүдө товарларын мыйзамсыз алып кирүү фактысын аныкташкан. Бул тууралуу МБКнын басма сөз кызматы маалымдады.

«Т.С.А.» КР жараны башкаруусундагы «Mercedes-Benz» үлгүсүндөгү унаанын жүк салуучу жайын бажы кароосунан өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ бажы аймагына ташып келүүнүн мыйзамдуулугун тастыктаган товардык документтери жок жез товары аныкталган.

Жүктүн жалпы салмагы 2800 кг, орточо базар баасы 980 000 сомду түзгөн.

Факт КБР МКЖ АДСке катталып, материалдар Жалал-Абад облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Связанный пост