Түркмөнстандын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады

 Түркмөнстандын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады

Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады.

«Куттуу Курман айт майрамына карата менин чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду жана эң жакшы каалоо-тилектеримди кабыл алыңыз.

Миңдеген жылдарга тамырын жайган жана адамзаттын бийик руханий жана адеп-ахлактык баалуулуктарын камтыган бул ыйык майрам мындан ары да бүткүл мусулман үммөтүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү жана ишенимди бекемдөөгө салым кошот деп терең ишенем», – деп айтылат куттуктоодо.

Связанный пост