Түркмөнстандын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады

 Түркмөнстандын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады

Түркмөнстан Республикасынын Президенти Сердар Бердымухамедов Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады.

 

«Миңдеген жылдар мурда пайда болгон жана адамзаттын бийик руханий жана адеп-ахлактык баалуулуктарын камтыган бул ыйык майрам бүткүл мусулман үммөтүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү жана ишенимди бекемдейт деп терең ишенем.

 

Сизге ден соолук жана бакыт, ал эми боордош Кыргызстан элине мындан аркы өнүгүү жана гүлдөп-өсүүнү Жараткан Алладан тилейм», – деп айтылат куттуктоодо.

Связанный пост