Түркмөнстандын Халк Маслахатынын Төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады

 Түркмөнстандын Халк Маслахатынын Төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады

Түркмөнстандын Халк Маслахатынын Төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады.

“Күн менен түн тең келишинде белгиленүүчү Эл аралык Нооруз майрамы адамзаттын байыркы маданий мурастарынын бири болуп саналат. Миңдеген жылдардан бери келе жаткан бул эң сонун майрам жаратылыштын ойгонушунун гана эмес, өз ара сый-урматтын, тынчтыкта жанаша жашоонун, өз ара түшүнүшүүнүн жана эмгекчилдиктин символу болуп саналат.

Бул жаркын майрам Сиз үчүн жана жалпы Кыргызстан эли үчүн тынчтык, кубаныч жана жаңы башталыштар менен белгиленсин”, – деп айтылат куттуктоодо.

Связанный пост