Түркиянын Стамбул шаарында жоголуп кеткен Жазгүл Шамуратова табылды

 Түркиянын Стамбул шаарында жоголуп кеткен Жазгүл Шамуратова табылды
Түркиянын Стамбул шаарында жоголуп кеткен Жазгүл Шамуратова табылды. Бул тууралуу КРнын ИИМнин басма сөз кызматы билдирди.
Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Улан Ниязбековдун жана Туркиянын ички иштер министринин орун басары Мехмет Акташтын жана Түркия ИИМдин Кыргызстандагы Өкүлчүлүгү менен биргеликтеги аракеттеринин жыйынтыгында 2023-жылдын 5-июлунда Стамбул шаарында 20 жаштагы Жазгүл Шамуратова табылды.
Азыркы учурда, Стамбул шаарынын Кадыкөй райондук полиция бөлүмүндө Жазгүл Шамуратованын жоголуп кеткендигинин себептери такталууда.

Связанный пост