Түркиянын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады

 Түркиянын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады

Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады.

«Бизди биримдикке үндөгөн ушул майрам жалпы адамзат үчүн тынчтыктын жана бейпил жашоонун булагы болсун», – деп айтылат куттуктоодо.

Режеп Тайып Эрдоган Садыр Жапаровго бекем ден соолук, бакыт-таалай жана бакубатчылык, ал эми кыргыз элине гүлдөп-өнүгүү каалады.

Связанный пост