Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган “Ата-Бейит” тарыхый-мемориалдык комплексине барды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров менен өлкөгө мамлекеттик сапар менен келген Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган “Ата-Бейит” тарыхый-мемориалдык комплексинде болушту.

 

Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоган Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун коштоосунда 1916-жылдагы каргашалуу окуяларда курман болгондордун эстелигине гүлчамбар койду.

 

Ошондой эле Түркиянын Президенти жазуучу Чыңгыз Айтматовдун күмбөзүнө гүл коюп, эскерди.

Связанный пост