Түркиялык ишкерлер Кыргызстанга инвестиция салууга кызыкдар
Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Мекин Мустафа Кемал Өкем менен жолукту. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Ведомствонун маалыматына ылайык, жолугушууда саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык тармактардагы кыргыз-түрк кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, ошондой эле быйылкы жылы жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу пландары талкууланды.
Мекин Мустафа Кемал Өкем соода-экономикалык кызматташуу маселелерине токтолуп, түрк компанияларынын Кыргызстанга инвестиция салууга кызыкдар экендигин белгиледи. Ошондой эле бул багытта биргелешкен иш алып барууга макулдашты.