Түркиядан алтын, дары ташыган топ кармалды
Түркиядан Кыргызстанга системалуу түрдө кымбат-баалуу дары-дармек жана зер буюмдарды аткезчилик жол менен ташып келип жүргөн адамдардын тобу кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Өзбекстандын 15 жана Кыргызстандын 10 жаранынан турган трансулуттук кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлуп, аларды колдоп жүргөн КР Мамлекеттик бажы кызматынын 2 кызматкери жана Чек ара кызматынын 1 аскер кызматкери кармалды.
Аталган кылмыштуу топ кымбат баалуу медициналык дары-дармектерди жана зер буюмдарды Түркиядан Ош облусунда системалуу түрдө аткезчилик жол менен ташып келип, андан кийин Өзбекстанга аткезчилик жол менен алып өтүп турган.
Алсак, “Стамбул-Ош” каттамы менен келген Өзбекстандын жана Кыргызстандын жарандарынан медициналык дары-дармектер жана зер буюмдардын ири партиясы табылган. Учурда алар УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Аталган кылмыштуу топ тарабынан 2025-жылы Түркиядан 50дөн ашык каттам ишке ашырылып, 50 килограммдан ашык алтын буюмдары контрабандалык жол менен алып келингени аныкталды.
Учурда кармалган топтун кылмыштуу ишмердүүлүгүнө катышкан башка кызмат адамдарын аныктоо, күнөөлүү адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тергөө жана ыкчам иш-чаралары уланууда.