“Түндүк” тиркемесинде байланыш борборуна чалуу убактылуу жеткиликсиз
Убактылуу техникалык мүчүлүштүктөргө байланыштуу учурда “Түндүк” байланыш борборуна чалуу мүмкүн эмес. Бул тууралуу “Түндүк” ААКтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, колдонуучулардын кайрылуулары жазуу түрүндөгү каналдар аркылуу — электрондук почта, социалдык тармактардагы билдирүүлөр жана комментарийлер аркылуу кабыл алынууда.
“Адистер техникалык мүчүлүштүктөрдү жоюу боюнча иштеп жатышат. Телефон байланышы калыбына келтирилгенде кошумча маалымат берилет”,-деп айтылат маалыматта.