Көчмөндөр оюндарынын ачылышы: “Бишкек Аренага” автобустар каяктан жөнөйт?

 Көчмөндөр оюндарынын ачылышы: “Бишкек Аренага” автобустар каяктан жөнөйт?

31-августта VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Бишкек шаарында өтө турган салтанаттуу ачылыш күнүндө көрүүчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүү максатында “Бишкек Аренага” жеткирүүчү атайын шаттл-автобустар уюштурулат.

Мэриядан билдиришкендей, шаттл-автобустар Бишкек шаарынын ар кайсы райондорунда жайгашкан атайын аныкталган 21 жерден каттайт. Шаар тургундары жана борбор калаанын коноктору өздөрү үчүн ыңгайлуу болгон жөнөө пунктун тандап, ошол жерден шаттл-автобуска отуруп, “Бишкек Аренага” жете алышат.

Шаттл-автобустардын жөнөө пункттары:

  • Ибраимов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилиши;
  • Жибек Жолу проспектиси менен Кулиев көчөсүнүн кесилиши (мурдагы Батыш автобекети);
  • Барпы Алыкулов көчөсү, 32 (Киркомстром);
  • А. Токомбаев көчөсү, 3/7 (Асанбай кичи району);
  • “Ак-Кула” автобекети — Кожомкул айылы, Фрунзе көчөсү, 13Б/1;
  • Ауэзов көчөсү, 4 (Аламүдүн-1 кичи району);
  • “Тунгуч” кинотеатры, 64/1 (Тунгуч кичи району);
  • Аул көчөсү, 10А/1 (Кожзавод);
  • Жибек жолу проспектиси, 263/2 (мурдагы Чыгыш автобекети);
  • Иса Ахунбаев жана Достоевский көчөлөрүнүн кесилиши (Көк-Жар конушунда);
  • Алтымышев көчөсү, 98/1;
  • Заречное айылы, Ала-Арча көчөсү, 1/6 (Глобус);
  • Эркиндик бульвары, 1/А (Темир жол бекети);
  • Жаш Гвардия көчөсү, 287 (Маевка айылы);
  • Малдыбаев көчөсү, 275/6 (Жаштар кварталы);
  • Шабдан Баатыр көчөсү (азыркы Чүй проспектиси), 52 (ДЕПО-2);
  • Ю. Фучик көчөсү, 6 (ДЕПО-1);
  • Дэн Сяопин проспектиси (азыркы Чүй проспектиси), 209;
  • Гагарин көчөсү, 284 — Фрунзе көчөсү менен кесилишкен жер;
  • Ала-Тоо көчөсү, 115 (Ала-Тоо конушу);
  • Тыналиев көчөсү, 16.

“Иш-чара аяктагандан кийин көрүүчүлөр “Бишкек Арена” стадионунан жогоруда көрсөтүлгөн пункттарга тиешелүү багыттар боюнча кайра каттаган шаттл-автобустарды пайдалана алышат. Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарына жана борбор калаанын конокторуна каттамын алдын ала пландап, өздөрү үчүн эң ыңгайлуу болгон жөнөө пунктун тандап алууну сунуштайт”,-деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, шаттл-автобустардын жөнөө пункттары жана каттамдары тууралуу маалымат менен “Менин шаарым” мобилдик тиркемесинен таанышып, транспорттун кыймылын онлайн көзөмөлдөөгө болот.

Урматтуу шаар тургундары! Шаттл-автобустарды оптималдуу пайдалануу үчүн иш-чара аяктагандан кийин “Бишкек Аренага” келген каттам боюнча кайра кайтууну сунуштайбыз”,-деп белгиленет билдирүүдө.

Связанный пост