Түндүк – Түштүк альтернативдүү унаа жолу түнкүсүн жабылууда

 Түндүк – Түштүк альтернативдүү унаа жолу түнкүсүн жабылууда

Ош облусунун тургундарына Түндүк – Түштүк альтернативдүү унаа жолу аркылуу Ысык-Көлгө барууда түнкүсүн убактылуу чектөөлөр киргизилгени эскертилди.

Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, 2026-жылдын жай-күз мезгилинде транспорттун агымы кескин көбөйгөндүгүнө байланыштуу Нарын облусунун Жумгал районундагы Сары-Булуң тилкеси күн сайын саат 20:00дөн 06:00гө чейин унаа кыймылы үчүн жабылып турат.

Бул чектөө жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында киргизилүүдө.

Бийлик өкүлдөрү Ысык-Көлгө сапарга чыгууну пландап жаткан Ош облусунун тургундарын каттамды алдын ала мерчемдеп, жолдун жабылуу графигин эске алууга чакырат.

Связанный пост