«Түндүк-Чыгыш» бажысы 50 тоннага жакын кулпунай көчөттөрүн мыйзамсыз алынып келгенин аныктады

«Түндүк-Чыгыш» бажысы 50 тоннага жакын кулпунай көчөттөрүн мыйзамсыз алынып келгенин аныктады. Бул тууралуу МБКнын басма сөз кызматы билдирди.

 

Маалыматка ылайык, «Түндүк-Чыгыш» бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери ЕАЭБ жана Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарын бузууларды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө бажылык укук бузуу фактысын аныкташты.

 

Бишкек шаарында жайгашкан кампанын аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүнүн мыйзамдуулугун тастыктаган документтери жок “кулпунайдын көчөттөрү” табылган.

 

Товар коштоочу документтерин текшерүүдө «Ф.Г.» ЖЧК алуучунун дарегине жалпы салмагы 49 100 кг «кулпунайдын көчөттөрү» товары Түркия Республикасынан келген. Ошол эле учурда, товарлар дайындалган бажы органына жеткирилбей, бажы жол-жоболоруна коюлбастан, дароо алуучунун кампасына түшүрүлгөн.

 

Андан ары товарлардын шайкештигин аныктоо үчүн бажылык текшерүү жүргүзүлүп, ЕАЭБдин бажы мыйзамдарына ылайык товарларды кармоо протоколу түзүлдү.

 

Мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын суммасы 1 465 207 сомду түздү. Факт КБР МКЖ АДСке катталып, чогултулган материалдар Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Связанный пост