«Түндүк-Чыгыш» бажысы 2 тонна катылган кондитердик азыктарды аныктады
«Түндүк-Чыгыш» бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан бажы мыйзамын бузуу фактысы аныкталды.
МБКнын басма ссоз кызматынын маалыматына ылайык, Кытай Эл Республикасынан «Кыргызмебель» БТЖга «Х» ЖЧКнын дарегине жалпы салмагы 29 290 кг. түзгөн «түрдүү түстөгү жемиштер» жана «папаи жемиштери» кондитердик азыктары келген.
Бирок, бажы текшерүүнүн жүрүшүндө 2 000 кг «Желе» түрүндөгү декларацияланбаган кондитердик азыктар аныкталган.
Мамлекеттик бюджетке келтирилген материалдык зыян 190 944 сомду түздү. Факт КБР МКЖ АДСке катталган, чогултулган материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында кароого жана процесстик чечим кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына өткөрүлүп берилди.