Түгөлбай Сыдыкбековдун чыгармаларынын 15 томдугу жарык көрдү 

Бүгүн, 12-апрелде Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбековдун чыгармаларынын 15 томдук жыйнактар китебинин бет ачары өттү.

Иш-чарага Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, Кыргыз Республикасынын Баатырлары Медеткан Шеримкулов, Алиясбек Алымкулов, академик Абдылдажан Акматалиев, Роза Айтматова, Сыртбай Мусаев, Кулубек Бөкөнбаев, Кыргыз Республикасынын эл акындары Надырбек Алымбеков, Анатай Өмүрканов, Кыялбек Урмамбетов, Жогорку Кеңештин депутаттары ж.б. бир катар коомдук ишмерлер, илим жана маданият чөйрөсүндөгү көрүнүктүү инсандар катышышты.

Иш-чарага министрдин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев модераторлук кылды.

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов өз сөзүндө Түгөлбай Сыдыкбековдун өмүр таржымалы жаштарга өрнөк экенин, жазуучунун жарык көргөн чыгармаларынын топтомун дагы көбөйтүп басып чыгарып, мектептерге таркатуу керектигин, жазуучунун ар бир чыгармасы элди ынтымакка, биримдикке чакыра тургандыгын баса белгиледи.

Катышкандар Түгөлбай Сыдыкбековдун чыгармачылыгы, адамдык бийик парасаты тууралуу сөз сүйлөштү.

Китеп президент Садыр Жапаровдун жарлыгынын негизинде Улуттук илимдер Академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун окумуштуулары тарабынан түзүлүп, редакцияланып, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын колдоосу менен басылып чыккан. Чыгармалар топтомуна жазуучунун аңгемелери, повесттери, романдары, эскерүүлөрү, публицистикалары камтылган.

Түгөлбай Сыдыкбеков Кыргыз тарыхын калыс иликтөөгө, кыргыз тилин ички сөз кампасына ылайык байытууга замандаштарын үндөгөн. Расмий бийликтерди бул жааттагы өксүктөрү үчүн тайманбастан ачык сындаган.

Ал Кыргыз адабиятына жана маданиятына 70 жылга жакын ак кызмат кылып, нарк-насилдин нускалуу алып жүрүүчүсү болгон.

Связанный пост